Футзал боюнча Азия чемпионатында кыргызстандыктар калыс жана комиссарларлыкты аркалайт

© Sputnik / Сергей Русанов / Медиабанкка өтүүФутзал оюнунда калыс. Архив
Футзал оюнунда калыс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР командасы мелдеш алдында Москва шаарында даярдыктарын көрүшкөн. Экинчи машыгуулар январь айынын аягында өтөт.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызстандык Нурдин Букуев менен Кемел Токабаев Футзал боюнча Азия чемпионатында иштей турганын КРдин футзал боюнча федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Бишкекте мамлекеттик органдар, ардагерлер арасынан мыкты футзалчылар аныкталды
Букуев оюнга калыстык кылса, Токабаев оюндарды уюштуруучу жетекчи болуп бекитилди.

Азия чемпионаты 10-февралдан 21-февралга чейин Ташкент шаарында өтөт. Кыргызстандын командасы Өзбекстан, Ливан жана Сауд Аравия командалары менен "А" тайпасында ойнойт.

Бул мелдеш үчүн Кыргызстандын командасы декабрь айында Москва шаарында даярдыктарды көргөн. Эми 25-январдан 7-февралга чейин экинчи машыгууларын өткөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0