Дүйнөнүн мыкты футболчусун бүгүн аныкташат

© AFP / FABRICE COFFRINIМыкты футболчуларга ыйгарылуучу "Алтын топ". Архив
Мыкты футболчуларга ыйгарылуучу Алтын топ. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Алтын топтун" ээси Роналду, Месси жана Неймар болушу мүмкүн. 2014-жылдын жыйынтыгы менен бул наамга Криштиану Роналду ээ болгон.

БИШКЕК, 11-янв — Sputnik. Бүгүн Цюрих шаарында (Швейцария) жыл сайын мыкты футболчуларга ыйгарылуучу "Алтын топтун" 2015-жылдагы ээси аныкталат.

Букмекерлер: Роналду "Алтын топтон" куру калмай болду
Ага талапкерлердин катарында "Реалдан" Криштиану Роналду жана "Барсанын" оюнчулары Лионель Месси жана Неймар бар. Булардын ысымдары 2015-жылдын 30-ноябрындагы добуш берүүдөн кийин белгилүү болгон. Эми бул үчтүктөн машыктыруучулар, ФИФАга мүчө болгон улуттук курама командалардын капитандары мыктысын тандашат.

Месси менен Роналду "Алтын топко" муну менен бешинчи ирет мыкты талапкерлердин тизмесине кирип жатат. Азыркы ээси Криштиану Роналду. 

Футбол боюнча бул жогорку сыйлыкка 2010-жылдан бери Лионель Месси үч ирет татыса, Криштиану Роналду эки жолу ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0