Букмекерлер: Роналду "Алтын топтон" куру калмай болду

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүү"Реал Мадриддин" оюнчусу Криштиану Роналду. Архив
Реал Мадриддин оюнчусу Криштиану Роналду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Букмекерлер дүйнөнүн мыкты оюнчусу деген атка Лионель Месси көбүрөөк татыктуу экенин белгилешүүдө. Андан кийинки талапкер Неймар болсо, Роналду эң акыркы катарда турат.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. "Реал Мадриддин" оюнчусу Криштиану Роналду "Алтын топ" алчу алдыңкы үч оюнчунун ичинен эң арткы орунда турат.

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы FIFA рейтингиндеги рекордун жаңылады
Үстүбүздөгү жылдын 11-январында ФИФАнын "Алтын тобун" алып, өткөн жылдын жыйынтыгы менен дүйнөнүн мыкты футболчусу деген атка татыктуу боло турган оюнчунун аты аталат. Учурда "Алтын топко" "Реал Мадриддин" чабуулчусу Криштиану Роналду жана "Барселонанын" өкүлдөрү Лионель Месси менен Неймар талапкер болууда.

Мыкты футболчу аталууга Лионель Мессинин мүмкүнчүлүгү жогору, ага болгон коэффицент 1,1ди түздү. Экинчи орунда Неймар, андан кийин Роналду турат. 

Дагы бир букмекердин божомолу боюнча коэффиценттердин айырмачылыгы төмөн болгону менен футболчулардын катары жогоруда аталгандай эле турат.

Футбол боюнча бул жогорку сыйлыкка 2010-жылдан бери Лионель Месси үч ирет татыса, Криштиану Роналду эки жолу ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0