Землянухин 2015-жылы Сербиянын чемпионатында 5 гол киргизди

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын курама командасынын жарым коргоочусу Антон Землянухин. Архив
Кыргызстандын курама командасынын жарым коргоочусу Антон Землянухин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык команданын жарым коргоочусу былтыр улуттук команда үчүн төрт топ киргизип, чеберчилиги менен айырмаланган.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Былтыркы жылы Кыргызстандын курама командасынын жарым коргоочусу Антон Землянухин Сербия чемпионатында атаандаштын дарбазасына беш топ киргизгени Myscore порталында айтылат.

Жыл жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын мыкты футболчулары аныкталды
Землянухин Кыргызстандын өткөн жылдагы мыкты футболчусу болду. 2015-жылы Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында анын төрт гол киргизгени белгилүү. 

Сербиянын "Раднички" командасы менен оюн талаасына чыккан футболчу 2014-2015 сезонунун экинчи жарымында өткөн 11 оюнда бир топ киргизген. Бирок 2015-2016-жылы 16 оюнга катышып, төрт гол киргизгени менен айырмалана алды.

Учурда "Раднички" командасы 32 упай менен Сербиянын Суперлигасында алтынчы орунда келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0