Шериктештик Кубогунда Кыргызстандык футболчулар Белоруссия менен топ тебет

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүФутболчу топ менен. Архив
Футболчу топ менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурунку СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн салттуу турнири 2016-жылдын 16-24-январында өтөт. "А" тайпасында Кыргызстан менен Белоруссиядан тышкары Молдова менен Казакстандын командалары да бар.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы (U-21) Шериктештик Кубогунда өзүнүн алгачкы оюнун Белоруссиянын командасы менен өткөрө турганын Футбол федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-декабрь күнү Москва шаарында командалар чүчү кулак кармап, сегиз команда экиге бөлүнгөн. "А" тайпасына Белоруссия, Кыргызстан, Казакстан менен Молдова кирсе, "В" тайпасында Латвия, Эстония, Россия менен Тажикстан беттешет. Турнир 2016-жылдын 16-24-январь күндөрү Санкт-Петербург шаарында өтмөкчү.

Футболчулар машыруу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык футболчулар Шериктештик кубогуна Бишкектен даярдык көрүүдө
17-январь күнү кыргызстандык команда Белоруссия менен, 19-январда Молдова жана 21-январда Казакстандын командалары менен күч сынашат. Эреже боюнча 23-январдан тарта жетинчи, бешинчи жана үчүнчү орундар үчүн оюндар өтөт. Кубоктун финалдык бөлүгү да ошол эле күнү өтөт.

Коло медалдар үчүн өз тайпаларында экинчи орунга ээ болгон командалар ат салышат. Калган командалар жетинчи жана бешинчи орун үчүн беттешет.

1993-жылдан баштап турнирге улуттук чемпионаттын жеңүүчүлөрү болгон мурунку Советтер Союзу республикаларынын футболдук клубдары катышып келет. 2012-жылдан тарта турнирдин тартиби өзгөрүп, мамлекеттердин жаш футболчулары ойной баштаган. 2012-2013-жылдары Кубок россиялыктарга тийсе, 2014-жылы украиналыктар мыкты аталган. 

Үстүбүздөгү жылдын турнирин оюнга конок катары чакырылган Түштүк Африка Республикасы жеңип алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0