00:14 19 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7961
  • EUR98.2024
  • RUB1.1914
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
79 0 0

Жарым финалда Үсөналиев россиялык спортчу Артур Ложниковду утуп алган. Спортчу финалда молдовалык мушкер менен беттешти.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев бокс боюнча нефть чыккан өлкөлөрдүн Кубогунда экинчи орунду ээлегенин турнирдин расмий сайты жарыялады.

Фарман Салмановдун элесине арналган мелдеш Россиянын Ханты-Мансийск шаарында 18-20-декабрь күндөрү өтүп, ага 21 өлкөнүн спортчулары ат салышты.

Үсөналиев жарым финалда россиялык мушкер Артур Ложниковду жеңип, финалга чыккан. Ал жерде кыргызстандык спортчу молдовалык Александр Рыжкан менен беттешти.

Чемпиондук үчүн күч сынашкан Үсөналиев атаандашынан упай менен утулуп калды.

Тема боюнча

Милиция кызматкери тай боксу боюнча Азия чемпионатына жолдомо утуп алды
Валентина Шевченко 2015-жылдын мыкты тай боксчусу аталды
Белгилер:
Кыргызстан, кубок, финал, мушкер

ЭҢ МААНИЛҮҮ