ФИФА: кыргызстандык команда 80 голдук чектен ашты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын курама командасы. Архив
Кыргызстандын курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы жыл Кыргызстандын курама командасы үчүн абдан жемиштүү болду. Улуттук футболчулар бул жылы атаандаштын дарбазасына тогуз ирет топ киргизген.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Быйыл Кыргызстандын футбол боюнча командасы атаандаштын дарбазасына киргизген топтун санын 80ге жеткиргенин ФИФА сайты жарыялады.

Футболчу оюн талаасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын футбол командасы 2016-жылы европалык атаандаштар менен ойношу мүмкүн
Бул жылкы сезондо кыргызстандык футболчулар тогуз голдун ээси болду. Антон Землянухин иорданиялыктардын дарбазасына киргизген акыркы тобу менен айырмаланып, жеңишти камсыздаган. Бул 81-гол болду.

Мааракелик топту 2:0 эсеби менен аяктаган оюнда Виталий Люкс Бангладеш командасынын дарбазасына киргизген.

Былтыркы жылдын соңунда улуттук команданын киргизген тобу 72ге жеткен. Бул сезон 2007-жылдагыдай ийгиликтүү болгону айтылууда. Анда команда 10 топ киргизген. Былтыр кыргызстандыктар болгону төрт гол киргизе алган.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын тарыхы 1994-жылдан тарта башталат. Ошол жылы улуттук федерация ФИФАнын толук кандуу мүчөсү болгон. Бул мезгил аралыгында кыргызстандык команда бир катар беттешүүлөрдү өткөрүп келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0