00:19 19 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7961
  • EUR98.2024
  • RUB1.1914
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
5910

Кыргызстандын курама командасы дүйнөлүк футбол рейтингинде өз рекордун жаңылады.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2015-жылдын январь айынан бери Дүйнөлүк футбол ассоциациясынын рейтингинде (FIFA) 44 орунга жогорулады.

Кечээ команда дүйнөлүк футболдо өз көрсөткүчүн жаңылады. Буга чейин кыргызстандык футболчулар болгону 119-орунга араң жетишип келсе, учурда 108-сапка чыгышты. 

Команда жыл башында 209 мамлекеттин ичинен 152-орунду ээлеп келген. Үстүбүздөгү жыл ичинде машыктыруучу Александр Крестининдин жетекчилиги менен Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында сегиз оюн өткөргөн. Анын үчөөндө жеңишке жетишсе, эки жолу утулуп, эки ирет атаандашы менен тең чыккан. 

Дүйнөлүк футбол ассоциациясынын декабрдагы рейтинги 2016-жылдын январь айында жарыяланмакчы.

Тема боюнча

Мыкты футболчу наамы үчүн улуттук команданын беш оюнчусу ат салышууда
Өлкө башчы улуттук футболдун деңгээли менен мактанды
Белгилер:
Александр Крестинин, FIFA, футбол, команда, рейтинг

ЭҢ МААНИЛҮҮ