Бильярдчы Сагынбаев баш байге үчүн ишенимдүү бара жатат

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСпортчу бильярд чемпионатында. Архив
Спортчу бильярд чемпионатында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каныбек Сагынбаевдин кийинки атаандашы россиялык спортчу Андрей Фрейзе болмокчу.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстандык бильярдчы Каныбек Сагынбаев Томск шаарында өтүп жаткан "Эркин пирамида" боюнча дүйнө чемпионатында молдовалык Владимир Рейсти 7:2 эсеби менен жеңип алды. 

Бүгүн, бейшемби күнү Сагынбаев кийинки айлампага чыгуу үчүн россиялык Андрей Фрейзе менен беттешет.

Кыргызстандын атынан катышып жаткан башка спортчулар жеңилүүгө дуушар болушту. Чемпионат 5-декабрда соңуна чыгат. Байге фонду 1,5 миллион россиялык рублди түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0