Ардагер волейболисттер россиялык атаандаштары менен күч сынашат

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүВолейболчу топ менен. Архив
Волейболчу топ менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
50 жаштан өтүп калган жети волейболчу Камчатка облусуна жөнөп кетти.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Волейбол боюнча КР курама командасы ардагерлер арасында Россияда боло турчу эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу КРдин волейбол боюнча федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Волейболчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чокморовдун элесине арналган волейбол боюнча мелдеш өтөт
Камчатка облусунун волейбол федерациясынын мурдагы башчысы Анатолий Таранцтын жаркын элесине арналган мелдеш Россиянын Петропавловск-Камчатск шаарында өтөт.

Спорттук мелдешке 50 жаштан жогорку курактагы оюнчулар катышат. Бул жылы мелдешке Хабаровск, Приморск жана Камчатка крайы менен Кыргызстандан келген 260тан ашык спортчу катышат.

Кыргызстандын намысын командадагы жети киши коргойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0