Мелдеште россиялык мушкер жаракат калып, ийгилик кыргызстандыкка жылмайды

CC BY 2.0 / M&R Glasgow / Boxing glovesБокс перчаткасы. Архив
Бокс перчаткасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандан аталган чемпионатка төрт мушкер катышып, алардын бирөө гана байгелүү орунду ээледи.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстандык кикбоксер Айбек Дүйшөмбиев кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпионатынын фулл-контакт бөлүмү боюнча коло байге тагынды. Бул тууралуу Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Чемпион Касымбеков: атаандашым сыяктуу эле ыйладым
Беттеш 21-29-ноябрь ичинде Дублин шаарында өтүп, мелдешке Кыргызстандын атынан төрт мушкер катышкан.

Дүйшөмбиев биринчи беттеште Польшадан келген мушкерди утуп, экинчи беттеште Мексикалык спортчуну жеңип алган. Бирок, жарым финалда россиялык спортчу оюнду андан ары уланталбай калган. Ошентип оюндун жыйынтыгы менен үчүнчү орун кыргызстандыктын бактысына жазылды.

Кыргызстандан барган башка мушкерлер ийгилик жарата алган жок. Дүйшөмбиев 2013-жылы Антальяда (Түркия) өткөн кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпионатында дагы коло байгеге ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0