АФК футзал боюнча Азия чемпионатында талашка түшчү топту аныктады

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүФутболчулар машыгууда. Архив
Футболчулар машыгууда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азия чемпионаты 2016-жылы Ташкент шаарында өтөт. Кыргызстандын курама командасы биринчиликтин финалдык бөлүгүнө чыккан.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Азия футбол конфедерациясы футзал боюнча Азия чемпионатында ойнолуучу топту аныктаганын Футбол федерациясы билдирди.

Континенталдык биринчилик 2016-жылдын 10-21-февраль күндөрү Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өтөт. Ал эми чүчү кулак 2-декабрь күнү кармалат.

АФК Nike Rolinho Premier моделиндеги топту тандап алганы маалым болду. Мындай топ былтыр Иранда өткөн таймашта да пайдаланылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0