Бишкекте жаш футболчулардын таймашы өтүп жатат

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүФутбол талаасында машыгуу учуру. Архив
Футбол талаасында машыгуу учуру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дене тарбия жана спорт боюнча шаардык комитет уюштурган мелдеш жаш муундун арасында спортту өнүктүрүү жана мыкты оюнчуларды аныктоо максатын көздөйт.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Борбор калаада "Алга" футболдук клубунун ардагери Нурлан Ниязалиевдин элесине арналган өспүрүмдөр арасындагы футбол боюнча мелдеш башталганын мэрия билдирди.

Маңдайы жарыла кубанган Сариев футболчуларды кучактап, ыраазычылыгын билдирди
Маалыматка ылайык, турнирге Бишкектин футболдук клубдары менен спорт мектептеринде окуган 10-11 жаштагы балдар катышат. Таймаш "А" жана "В" тайпасында өтүүдө. 

"А" тайпасында "Дордой 2004", Олимпиада резервинин спорт мектеби, "Жаштык" жана "Бешик-Таш" командалары кирсе, кийинки топто "Абдыш-Ата", Футболдук борбор, Олимпиада резервинин атайын мектеби жана "Дордой-2005" командалары беттешет.

Дене тарбия жана спорт боюнча шаардык комитет уюштурган мелдеш жаш муундун арасында спортту өнүктүрүү жана мыкты оюнчуларды аныктоо максатын көздөйт.

Турнирдин финалы 21-ноябрь күнү өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0