Кыргызстан командасынын кийинки расмий беттешүүсү 4 айдан кийин болот

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын курама командасы. Архив
Кыргызстандын курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага чейинки Иордания командасы менен болгон беттешүүнү кыргызстандык футболчулар 1:0 эсеби менен аяктаган.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстан командасынын кийинки расмий беттешүүсү 2016-жылдын март айында өтөт.

Башкы машыктыруучу Александр Крестинин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Крестинин Землянухиндин голу жөнүндө: бул шедевр
2018-жылы Россияда өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын командалары Душанбе шаарында 29-мартта беттешет.

Кыргызстан өз талаасында иорданиялыктарды 17-ноябрь күнү кабыл алды. Оюн улуттук футболчулардын пайдасына 1:0 эсеби менен аяктады.

Кыргызстандын куржунунда 11 упай топтолду. "В" тайпасынын сап башында 15 упай менен Австралия келе жатат. Экинчи орунда 13 упай топтогон Иордания турат. Жергиликтүү команда үчүнчү болсо, төртүнчү жана бешинчи орунда Тажикстан менен Бангладештин командалары келе жатат.

Дүйнө чемпионатынын финалдык бөлүгү 2018-жылы Россияда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0