Онлайн-репортаж. Кырызстан – Иордания командаларынын беттеши

© пресс-служба ФФКРКыргызстан жана Иордания футбол формасы. Архив
Кыргызстан жана Иордания футбол формасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Иорданиянын курама командалары бүгүн кечки саат 8.00дө Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо беттешет.

Sputnik маалымат агенттиги оюндун жүрүшүн онлайн репортаж түрүндө окурмандарга сунуштайт.

2018-жылы боло турчу Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раунддарында "В" тайпасында лидерликти Иордания 13 упай камсыз кылды. Экинчи орунда Австралия (12 упай), үчүнчү орунда 8 упай менен Кыргызстан келе жатат. Ал эми Тажикстан (5 упай) менен Бангладеш (1 упай) акыркы орундардан орун алды. 

Кыргызстан менен Иордания командалары буга чейин сентябрда Амманда беттешип, оюн 0:0 эсеби менен аяктаган.

Дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Кыргызстандын курама командасынын мүмкүнчүлүгү калбай калганы менен 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өтүүчү Азия чемпионатына катышууга аракет кылса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0