Sputnik агенттиги Кыргызстан менен Иорданиянын беттешүүсүн түз алып көрсөтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан курама командасы. Архив
Кыргызстан курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik редакциясы оюндун жеткиликтүүлүгүн арттыруу максатында футболдук матчты Коомдук теларадиокорпорациясынан алып көрсөтөт.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Sputnik Эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу бүгүнкү Кыргызстан — Иордания беттешүүсүн түз алып көрсөтөт.

Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы оюн Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20.00дө башталат.

КТРК футболду он-лайн режиминде көрсөтүүгө укук алган жападан жалгыз расмий телеканал болуп эсептелет.

Көрөрмандар оюнга www.sputnik.kg жана www.ru.sputnik.kg сайттарынан саат 20.00дө күбө боло алышат.

Мындан тышкары Sputnik агенттиги беттешүүнүн тексттик трансляциясын берет.

Sputnik — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги болуп саналат. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүүнү, мобилдүү тиркемелерди жана социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Атайын жазылгандар үчүн Sputnik күнү-түнү англис, араб, испан жана кытай сыяктуу 35 тилде маалыматтарды таратат.

Жаңылыктар түрмөгү
0