Кыргызстан — Иордания беттешүүсүнө жок эле дегенде 8 миң күйөрман келет

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбол беттешиндеги күйөрмандар. Архив
Футбол беттешиндеги күйөрмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Трибунада Иордания курама командасын колдоого алып, 100 күйөрман келерин Футбол федерациясы билдирди.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кыргызстан — Иордания беттешүүсүнө жок эле дегенде 8 миң күйөрман келет. 2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы оюн бүгүн, шейшемби күнү саат 20.00дө башталат.

Сатыкка жалпы жонунан 12,5 миң билет коюлганын Sputnik агенттигине Футбол федерациясынын өкүлү Анна Осмоналиева билдирди.

"Кечээ алты миң билет сатылды. Эки миңдей билетти балдар үйүнө, мектептерге, жаш футболчуларга жана өнөктөштөргө тараттык. Бүгүн сатылган билеттерди санай элекпиз", — деди ал.

Осмоналиева баасы жогорулатылган билеттерди сатып албоого чакырды.

"Баа билетте жазылуу. Болжолдуу эсепке караганда Иордания командасын колдоо үчүн 100дөй күйөрман келет", — деди өкүл.

Билеттер сатыкка 10-ноябрдан баштап чыгарылган. Алар стадиондун кассасында 150 сомдон баштап 700 сомго чейин сатылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0