Кыргызстандык футболчулар Иордания менен беттешүүгө ак кийимчен чыгат

© пресс-служба ФФКРКыргызстандын курама командасынын футболчулары бүгүн оюн талаасына ак кийимчен чыгат
Кыргызстандын курама командасынын футболчулары бүгүн оюн талаасына ак кийимчен чыгат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан Эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу оюндун тексттик трансляция алып барат.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасынын футболчулары бүгүн оюн талаасына ак кийимчен чыга турганын Футбол федерациясы билдирди.

Бул улуттук команданын Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы акыркы оюну. Мелдеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат сегизде башталат.

Sputnik Кыргызстан Эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу оюндун тексттик трансляциясын жасайт. 

Милиция кызтматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Футбол учурунда коомдук тартипти 3 миң милиция кызматкери көзөмөлдөйт
Атаандаштар кызыл форма кийип чыгат. Кыргызстандын дарбазачысынын кийими сары түстө болсо, иорданиялык голкипер күңүрт боз формачан болот. 

Sputnik Кыргызстан Эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу оюндун тексттик трансляциясын жасайт.

Кыргызстан менен Иордания командалары буга чейин да кездешкен. Сентябрда борбор калаа Амманда өткөн беттешүү 0:0 эсеби менен аяктаган.

Дүйнө чемпионатына катышуу үчүн улуттук команданын мүмкүнчүлүгү калбай калганы менен 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өтүүчү Азия чемпионатына катышууга аракет кылса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0