Кыргызстан — Иордания беттешүүсүн түркмөнстандык арбитр тейлейт

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүАрбитр. Архив
Арбитр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюн Бишкек шаарында 17-ноябрь күнү өтөт. Дүйнө чемпионатына катышуу үчүн улуттук команданын мүмкүнчүлүгү калбай калганы менен, Азия чемпионатына катышууга аракет кылса болот.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы Кыргызстан менен Иорданиянын ортосундагы беттешти Түркмөнстан менен Өзбекстандын биргелешкен калыстар тобу тейлейт. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирди.

Оюн 17-ноябрь күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Крестинин: топ менен ойноо үчүн алгач ага ээ болуу керек
Беттешүүдө башкы арбитр ФИФАнын рефериси төркмөн Чарымурат Курбанов болот. Ага түркмөнстандык Сапармамет Гурбанов менен өзбекстандык Адрей Цапенко жардам берет. Резервдик арбитрдин милдетин Түркмөнстандан келген Алибек Сапаев аркалайт.

Кыргызстан командасы акыркы жолу Австралияда жергиликтүү курама команда менен беттешип, 3:0 эсебинде атаандаштардын пайдасына аяктаган. 

Иорданиядан тышкары, кыргызстандык команда 2016-жылдын жаз айларында тажик командасы менен беттешет.

Дүйнө чемпионатына катышуу үчүн улуттук команданын мүмкүнчүлүгү калбай калганы менен 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өтүүчү Азия чемпионатына катышууга аракет кылса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0