Крестинин: топ менен ойноо үчүн алгач ага ээ болуу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин. Архив
Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы машыктыруучу Иордания менен боло турган беттешүүдө кыргызстандык команда башкача оюн көрсөтөт деп убада берди.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Топ менен ойноо үчүн алгач ага ээ болуп, аны тартып алуу керек, деп Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Австралия менен болгон оюндан соң билдирди.

2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында болгон оюнда Кыргызстан менен Австралиянын беттешүүсү Канберрада өтүп, 3:0 эсеби менен атаандаштын пайдасына аяктады.

"Топ менен ойноо үчүн, ага ээ болуп, аны тартып алуу керек. Тилекке каршы, бул жаатта биз оюн көрсөтө албай калдык. Көп ката кетти. Үйгө келерибиз менен талдап чыгып, ката үстүндө иштейбиз. Иордания менен таптакыр башкача оюн болот", — деди Крестинин.

Кыргызстандын футзалчылары тажик командасынын күлүн асманга сапырды
Кыргызстандын курама командасы оюн бүтөрү менен транзит аркылуу Бишкекке жөнөп, "В" тайпасынын лидери Иордания менен беттешүүгө даярдык көрө баштайт. 

Мындан тышкары, команда 2016-жылдын жаз айларында Тажикстандын командасы менен беттешет. Кыргызстандык футболчулар акыркы жеңилүүдөн кийин Дүйнө чемпионатына катышуу укугунан биротоло ажырады. Эми 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган Азия чемпионатына жолдомо үчүн аракет көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0