КР курама командасынын Дүйнө чемпиондугу үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүгү бар

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын курама командасы. Архив
Кыргызстандын курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан тышкары, команда 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган Азия чемпионатына да жолдомо утуп алуу мүмкүнчүлүгү жетиштүү

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2018-жылы Россияда өтө турган Дүйнө чемпионатына катышуу мүмкүнчүлүгү сакталууда.

Бүгүн улуттук команда Канберра шаарында австралиялык команда менен беттешип, 3:0 эсебинде утулуп калды. Биздин команда баш-аягы болуп алты ирет оюн өткөрдү. Азырынча Дүйнө чемпионатына теориялык жактан катышууга мүмкүнчүлүгү бар.

Австралиядагы күйөрмандар улуттук команданы "Кыргызстан, алга" деп сүрөөнгө алды
Азиялык топтун "В" тайпасында Иордания баарынан алдыда 13 упай менен келе жатат. 12 упайы менен Австралия экинчи, ал эми Кыргызстан үчүнчү орунда. Экиден упайы менен төртүнчү жана бешинчи болуп Тажикстан, Бангладеш турат. Эми бул эки команда бири-бири менен ойнойт.

Кыргызстандык футболчулар алты оюн өткөрдү. Эгерде КРдин курама командасы калган эки беттешүүсүндө утса, эң көп дегенде 14 упай алат. Ал эми Австралия менен Иорданиянын алдында дагы үчтөн оюну бар, буга кошумча акыркы турда бири-бири менен беттешет.

Анткени менен биздин кыргызстандык команда Бириккен Араб Эмирлигинде 2019-жылы өтө турган Азия Чемпионатынын финалдык беттешүүсүнө катышуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул мүмкүнчүлүк курама команда экинчи, ошондой эле үчүнчү орундан жакшы жыйынтык берсе гана жаралат.

Жаңылыктар түрмөгү
0