Крестинин: Австралияда өзүбүздү ишенимдүү сезип жатабыз

© пресс-служба ФФКРУлуттук команданын машыктыруучусу Александр Крестинин жана дарбазачы Павел Матяш.
Улуттук команданын машыктыруучусу Александр Крестинин жана дарбазачы Павел Матяш. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу билдиргендей, оюнчулар жеңишке жетүү үчүн колунан келген бардык аракеттерин жасайт.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Австралиянын командасын Бишкекте кабыл алганда биздин оюнчулар өздөрүнө ишенимдүү, кээ бир учурларда күчтүүлүгүн көрсөткөн деген пикирин улуттук команданын машыктыруучусу Александр Крестинин Канберра шаарында өткөн маалымат жыйында билдирди.

КР курама командасынын күйөрмандары Австралияда болчу оюнга билеттерди сатып алды
Кыргызстан менен Австралиянын курама командалары 2018-жылы боло турчу Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раунддарынын алкагында өтүүдө. Командалар бүгүн Бишкек убактысы боюнча 15.00дө Канберра шаарында беттешет. Буга чейин командалар Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо беттешип, эсеп 1:2 эсебинде австралиялыктардын пайдасына аяктаган.

Крестинин ар бир оюнчунун курама командада өз орду бар экенин айтып, бул же тигил футболчунун кыйын экенин айтуу кыйын деп белгиледи.

"Ар бир футболчу курама командадагы негизги оюнчу болот. 16-июнда Бишкекте болгон беттеште алар австралиялыктарга салыштырмалуу ишенимдүү, кээ бир учурларда үстөмдүгүн көрсөтүп жатты. Эми да оюн мыкты болот. Канберрада биз өзүбүздү ишенимдүү сезип жатабыз", — дейт машыктыруучу.

Ал ошондой эле, күйөрмандарды нааразы кылбаш үчүн оюнчулар колунан келген бардык аракетти жасай турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0