Спартакиадада Экономика жана Ички иштер министрликтери мыкты аталышты

© пресс-служба ГАФКиС КРСпартакиаданын жеңүүчүлөрүнө кубок тапшыруу.
Спартакиаданын жеңүүчүлөрүнө кубок тапшыруу. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеште күч структура жана укук коргоо органдары өзүнчө, ага кирбеген мамлекеттик орган кызматкерлери өзүнчө спорттун 12 түрү боюнча ат салышты.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик орган кызматкерлеринин ортосунда өткөн спартакиаданын жыйынтыгы менен Экономика министрлиги, ал эми күч структурасынан Ички иштер министрлиги биринчи орунду ээледи.

Экономика министри маморгандардын спартакиадасында мыкты күлүк аталды
Маалыматка ылайык, экинчи орунга Каржы министрлиги менен Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы жетишсе, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы үчүнчү болду.

4-9-ноябрь күндөрү өткөн спартакиадага жалпы жонунан 37 мамлекеттик орган катышкан. 

Мелдеш кол күрөш, бильярд, волейбол, оордук көтөрүү, дартс, мини-футбол, жеңил атлетика, стол тенниси, атуу, тогуз коргоол, шахмат жана аркан тартмай боюнча өттү. Мында күч структура жана укук коргоо органдары өзүнчө, ага кирбеген мамлекеттик орган кызматкерлери өзүнчө ат салышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0