Футбол федерациясы: Виталий Люкс жеңил жараат алды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан курама командасынын чабуулчусу Виталий Люкс. Архив
Кыргызстан курама командасынын чабуулчусу Виталий Люкс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Команда учурда Австралияда жергиликтүү футболчулар менен беттешүү алдында машыгууларды өткөрүп жатат.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Кыргызстан курама командасынын чабуулчусу Виталий Люкс өзүнүн "Нюрнберг-2" (Германия) клубунда ойноп жатып жеңил жараат алганын Футбол федерациясы билдирди.

Билет сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан — Иордания оюнуна билеттер бүгүнтөн баштап сатыкка чыгат
Учурда Кыргызстандын командасы 12-ноябрда өтө турган австралиялыктар менен беттешүүгө даярданып жатат. Оюнга жарым коргоочулар Антон Землянухин менен Мирлан Мурзаев жана коргоочу Даниэл Тегонун катышпай турганы белгилүү болду.

Люкс өз алдынча машыгып келген. Калган футболчулар эртең мененки машыгууну өткөрүштү. Кечээ Австралияга учуп келген Азамат Байматов менен Виктор Майер жалпы группада машыгууда.

Беш оюндун жыйынтыгы менен Иордания 13 упай менен ишенимдүү түрдө биринчи орунда келе жатат. Экинчи орунда тогуз упай менен австралиялыктар келе жатат, анын запаста дагы бир оюну бар. Кыргызстан сегиз упай менен үчүнчү орунда. Төртүнчү орунду эки упай менен Тажикстандын командасы камсыздаса, болгону бир упай менен Бангладеш акыркы орунда.

Жаңылыктар түрмөгү
0