Спорттун кайсы түрү салыштырмалуу кооптуу экенин окумуштуулар аныкташты

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүБокс боюнча беттеш учуру. Архив
Бокс боюнча беттеш учуру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошол эле учурда спорттун "эң кандуу" түрү делген аралаш жекеме-жеке мушташуу экенин билдиришти.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Канадалык окумуштуулар спорттун аралаш жекеме-жеке мушташуу түрүн эң кооптуу деп табышты. Бул тууралуу Альберт университети Clinical Journal of Sports Medicine журналына жарыяланган илимий изилдөөнүн жыйынтыктарына таянуу менен билдирди. 

Рой Жонс: карьерамды бүтүрүүдө көпкө ойлонгон жокмун
Мындай жыйынтыкка канадалык окумуштуулар жүргүзүлгөн изилдөөнүн негизинде келишкен. Алар 2003-жылдан 2013-жылга чейин активдүү машыккан 1 миң 181 мушкердин ден соолугундагы өзгөрүүлөргө көз салышкан. Изилдөөгө алынгандардын арасында боксчулар менен аралаш жекеме-жеке мушташуу менен машыккандар да болгон.

Мушкерлер беттеш учурунда жаракатты 49,8 пайызга алса, спорттун аралаш жекеме-жеке мушташуу түрүнө катышкандар 59,4 пайыз жаракат алышкан.

Илимпоздор ошол эле учурда спорттун бул эки түрүн тең айкалыштыргандардын бети башы мелдеш учурунда көп канаарын, кийин аны баары бир дарылоо керектигин аныкташкан. Диагностика учурунда боксчулардын мээси олуттуу чайкалары жана ал көздүн көрбөй калуусуна алып келиши ыктымалдыгын айтышкан.

Дарыгерлер сунуш катары алардын чыгарган жыйынтыктарына көңүл буруп, спорттун аралаш жекеме-жеке түрү менен машыккандар арасындагы жаракат алууну азайтууга чакырышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0