Австралия — Кыргызстан оюнун Түштүк Кореядан келген калыс тейлейт

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКалыс. Архив
Калыс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки команданын беттешүүсү 12-ноябрь күнү Австралиянын борбор калаасында өтөт.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. FIFA рефериси Ким Сан Ву Австралия менен Кыргызстан командаларынын ортосундагы оюнду тескей турганын Футбол федерациясы билдирди.

Кыргызстан — Бангладеш футбол беттеши. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР футбол боюнча курама командасы FIFA рейтингинде Казакстанды артка калтырды
2018-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы беттешүү 12-ноябрь күнү Канберра шаарында өтмөкчү.

Башкы арбитрге оюн учурунда Янг Бенг Иен менен Ким Юнга жардам беришет. Ал эми Ким Денг резервдик калыс болот.

Калыстарды малайзиялык Субраманиям Салеаражен текшерсе, беттештин комиссары болуп Гуамадан Бордалло Майкл Джон дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0