Кыргызстандык балбандар Иранда тобу менен күрөшүп, биринчиликти багындырды

© Sputnik / Табылды КадырбековГрек-рим күрөшү учурунда. Архив
Грек-рим күрөшү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке Кыргызстан, Иран, Ирак, Грузия, Украина, Армения, Азербайжан мамлекеттеринин спортчулары катышты.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы өспүрүмдөр арасында өткөн Martyrs Cup эл аралык турниринде биринчи орунга ээ болгонун Күрөш түрү боюнча олипиадалык резервдин балдар жана өспүрүмдөр республикалык мектеби билдирди. 

Балбан күрөшчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекке КМШ өлкөлөрүнүн жаш балбандары келет
Маалыматка ылайык, Ирандын борбору Тегеранда өткөн турнирге Кыргызстан, Иран, Ирак, Грузия, Украина тогуз команда катышкан. Кыргызстандык команданын курамында жети спортсмен ат салышканы белгилүү болду. Улуттук команда Иран жана Ирактын балбандарын көтөрүп чаап, тайпада үч жолу жеңишке жетишкен. 

Жарым финалда кыргызстандыктар ирандыктарды, ал эми акыркы беттешүүдө грузиялык балбандарды утуп алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0