Самбо боюнча дүйнөлүк мелдештен кыргызстандык милиционер коло медаль менен кайтты

© пресс-служба МВД КРИИМ кызматкери Абдыкапар Урбаев.
ИИМ кызматкери Абдыкапар Урбаев. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Урбаев жеңишке 100 килограммдык салмак категориясы боюнча күч сынашып жетишти.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Израилде өткөн самбо боюнча өткөн дүйнө чемпионатында ИИМ кызматкери Абдыкапар Урбаев коло медалга ээ болгонун аталган мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-26-октябрь күндөрү өткөн эл аралык мелдешке Европа, АКШ жана Борбордук Азиянын 21 мамлекетинин өкүлү катышкан. 

"Урбаев 100 килограммдык салмак категориясында жеңишке жетишти. Байге тапшыруу аземинде Кыргызстандын желеги көтөрүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Абдыкапар Урбаев Бишкек ШИИБ жана ИИМдин дене тарбия даярдыгы боюнча бөлүмдүн ага инспектору болуп эмгектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0