Ийгиликсиз сезондон улам "Дордой" клубунун башкы машыктыруучусу кызматтан кетти

© пресс-служба ФК "Дордой""Дордой" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу сербиялык Завиша Милосавльевич. Архив
Дордой футболдук клубунун башкы машыктыруучусу сербиялык Завиша Милосавльевич. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сербиялык машыктыруучу бул кызматка 2014-жылы келип, "Дордойду" болгон сыйлыктардын баарына тундурган.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын "Дордой" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу сербиялык Завиша Милосавльевич кызматынан кеткенин Футбол федерациясы билдирди.

Алдыда ТОП-Лиганын дагы эки оюну бар.

Кыргызстандын футбол боюнча (U-16) курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Футбол боюнча КР өспүрүмдөр командасы биринчи жолу Азия чемпионатында ат салышат
Клубдун администрациясынын маалыматы боюнча, команданын чабал оюнунан улам сербиялык машыктыруучу менен болгон келишим эки тараптын макулдугу менен бузулган. 

Жогорку лиганын алкагында 28-октябрда "Абдыш-Ата" жана 31-октябрда "Ала-Тоо" командалары менен боло турган беттешүүдө "Дордой" машыктыруучу Анарбек Ормонбековдун жетекчилиги алдында ойнойт.

Чет элдик адис Завиша Милосавльевич бул кызматка 2014-жылдын январь айында келип, биринчи эле сезондо алгылыктуу ийгиликтерге жетишкен. "Дордой" Суперкубокту, Кыргызстандын Кубогун жеңип, ТОП-Лигадагы биринчилигин камсыздаган.

2015-жылдын башында "Дордой" Азия футбол конфедерациясынын Кубогу үчүн ат салышып, Ашхабадда "Ахал" түркмөн командасына 0:1 эсебинде утулуп, оюндан чыгып калган. Андан соң Жогорку лигадагы биринчилик үчүн беттеште Оштун "Алайына" утулуп, Кыргызстандын Кубогунда "Наше пиво" командасына утулуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0