07:32 09 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR92.1193
  • RUB1.1204
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
101 0 0

Бильярд боюнча чемпионат Финляндиянын Иматра шаарында өтүп, спортчулар "Динамикалык пирамида" түрү боюнча күч сынашты.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кыргызстандык 18 жаштагы Дастан Лепшаков бильярддын "Динамикалык пирамида" түрү боюнча дүйнө чемпиондугун жеңип алганы туурасында  мелдештин расмий сайтында жарыяланды.

Ага ылайык, 25-октябрда финалдык беттеште кыргызстандык спортчу Белоруссиядан келген Евгений Салтовский менен күч сынашып, аны 7:1 эсебинде утуп алды.

Кыргызстандык бильярдчы финалга чыгуу үчүн россиялык Никита Ливаданы 7:1 эсебинде жеңип алган. Ал буга чейин Никита Володинди (Россия), Святослав Семеновду (Белоруссия), Сергей Крыжановскийди (Белоруссия), Павел Родионовду (Россия) уткан.

Бул чемпионатка Кыргызстандан Дастан Лепшаков менен Каныбек Сагынбаев барган. Сагынбаев жарым чейрек финалды утулуу ызасын тартып, оюндан четтетилген.

Белгилей кетсек, Дастан Лепшаков "Кураштырма пирамида" боюнча да дүйнө чемпиону.

Тема боюнча

Кыргызстандын кубогун "Абдыш-Ата" командасы утуп алды
Бильярдчылар Сагынбаев менен Лепшаков дүйнө чемпионатындагы сапарын улантат
Белгилер:
чемпионат, бильярд, Каныбек Сагынбаев, Дастан Лепшаков, Финляндия

ЭҢ МААНИЛҮҮ