01:22 05 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7102
  • EUR100.3901
  • RUB1.1638
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
89 0 0

Кыргызстандын кубогунун финалдык оюнунда Кант шаарынын "Абдыш-Ата" жана "Наше Пиво" командалары беттешти.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандын кубогуна "Абдыш-Ата" командасы ээ болду. Ал атаандашы "Наше Пиво" командасын 4:2 эсебинде утуп алды.

Футбол боюнча Кыргызстандын кубогунун финалдык беттеши Кант шаарындагы "Центральный" стадионунда өттү. Анда Кант шаарынын эки командасы "Абдыш-Ата" менен "Наше пиво" беттешти.

  • Кыргызстандын кубогуна Абдыш-Ата командасы ээ болду
    Кыргызстандын кубогуна "Абдыш-Ата" командасы ээ болду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Ал атаандашы Наше Пиво командасын 4:2 эсебинде утуп алды
    Ал атаандашы "Наше Пиво" командасын 4:2 эсебинде утуп алды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Футбол боюнча Кыргызстандын кубогунун финалдык беттеши Кант шаарындагы Центральный стадионунда өттү
    Футбол боюнча Кыргызстандын кубогунун финалдык беттеши Кант шаарындагы "Центральный" стадионунда өттү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Биринчи таймда голду Абдыш-Атанын оюнчусу Фархат Мусабеков киргизди
    Биринчи таймда голду "Абдыш-Атанын" оюнчусу Фархат Мусабеков киргизди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Биринчи тайм аяктаар алдында Наше пивонун оюнчусу Замир Молондаров бир гол киргизди
    Биринчи тайм аяктаар алдында "Наше пивонун" оюнчусу Замир Молондаров бир гол киргизди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Оюн 4:2 эсебинде Абдыш-Ата командасынын пайдасына аяктап, ал өлкө чемпиону болду
    Оюн 4:2 эсебинде "Абдыш-Ата" командасынын пайдасына аяктап, ал өлкө чемпиону болду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Абдыш-Ата 2007, 2009 жана 2011-жылдары да кубокту утуп алган. Эми ал төртүчнү жолу өлкө чемпиону болду.
    "Абдыш-Ата" 2007, 2009 жана 2011-жылдары да кубокту утуп алган. Эми ал төртүчнү жолу өлкө чемпиону болду.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 7
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстандын кубогуна "Абдыш-Ата" командасы ээ болду

Биринчи таймда голду "Абдыш-Атанын" оюнчусу Фархат Мусабеков киргизсе, экинчи голду Олувасен Алерива киргизди. Үчүнчү голду "Абдыш-Атанын" капитаны Рустем Утанов киргизди.

Биринчи тайм аяктаар алдында "Наше пивонун" оюнчусу Замир Молондаров бир гол киргизди.

Экинчи таймда "Абдыш-Атанын" оюнчусу Рустем Утанов гол киргизсе, "Наше Пиво" командасынын оюнчусу Чолпонбек Эсенгул уулу өзгөчөлөндү. Ошентип, оюн 4:2 эсебинде "Абдыш-Ата" командасынын пайдасына аяктап, ал өлкө чемпиону болду. 

"Абдыш-Ата" 2007, 2009 жана 2011-жылдары да кубокту утуп алган. Эми ал төртүнчү жолу өлкө чемпиону болду.

Тема боюнча

Улуттук кураманын футболчулары "Абдыш-Атадан" күчтүү экенин көрсөтүштү
Белгилер:
Кант, "Абдыш-Ата" ЖЧК, футбол, кубок

ЭҢ МААНИЛҮҮ