Бильярдчылар Сагынбаев менен Лепшаков дүйнө чемпионатындагы сапарын улантат

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүБильярд чемпионаты учурунда. Архив
Бильярд чемпионаты учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөнүн мыкты бильярдчылары биринчиликке ат салышуу үчүн Финляндияда беттешти.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандык бильярдчылар Дастан Лепшаков менен Каныбек Сагынбаев дүйнө чемпионатына катышуусун андан ары уланта турганын "Дуплет" маалымат сайтында маалымдалат.

Салбурун боюнча ири турнир чет элдиктердин катышуусу менен Ысык-Көлдө өтөт
Бильярддын динамикалык пирамида түрү боюнча дүйнө чемпионаты Финляндиянын Иматра шаарында өтүүдө.

Биринчи турда Лепшаков россиялык Никита Володин менен беттешип, 7:4 эсебинде жеңишке жетишкен. Кийинки турда кыргызстандык спортчу белоруссиялык Святослав Семенов менен беттешмекчи.

Ал эми Сагынбаев буга чейин финляндиялык Кристиан Песолуну 7:2 эсеби менен утуп алган. Кийинки оюнда ал Грузиядан келген Нугзар Тебидзе менен күч сынашат.

Эки беттеш тең жума күнү өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0