Караколдун футболчу кыздары өлкө чемпиону болушту

© Sputnik / Михаил Мокрушин / Медиабанкка өтүүАял-кыз футболу. Архив
Аял-кыз футболу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финалдык оюнда Караколдун футболчу кыздары бишкектик атаандаштарын 1:2 эсебинде утуп алышты.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Республикалык чемпионаттын жеңүүчүсү Караколдук кыздардын командасы болду деп билдиришти Футбол федерациясынан. 

Финал женского чемпионата по мини-футболу. - Sputnik Кыргызстан
Мини-футбол боюнча кыздардын финалдык беттеши
Караколдон келген Балдардын-өспүрүмдөрдүн адистештирилген атайын республикалык мектебинин спортчу кыздары бишкектик атаандаштарын утуп, биринчи орунду ээледи. Алар оюндун эсебин 1:2 менен жапты. Ал эми үчүнчү орунду Канттын "Абдыш-Ата" командасы ээледи. 

Бишкектиктердин курамында улуттук курама команданын кыздары ойноду. Ал эми караколдук оюнчулардын намысын Кыргызстандын он алты жаштан төмөнкү кыздардын курама командасынын оюнчулары коргоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0