Алыш күрөшү боюнча мелдеште жалал-абаддык милициялар артыкчылык кылды

© пресс-служба УВД города Жалал-АбадЖенуучу спортчулар
Женуучу спортчулар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки күнгө созулган күрөштө алты салмактык категория боюнча республиканын бардык аймактарынан 100дөй кызматкер күч сынашты.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Милициянын генерал-майору Эргеш Алиевдин 110 жылдыгына карата Алыш күрөшү боюнча ИИМдин республикалык мелдешинде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы 1-орунга ээ болду. Бул туурасында аталган облустук ИИБдин маалымат кызматы билдирди. 

Маалымат кызматы эки күндө алты салмактык категория боюнча республиканын бардык аймактарынан 100дөй кызматкер күч сынашкандыгын билдирди. 

© пресс-служба УВД города Жалал-АбадЭки күнгө созулган күрөштө алты салмактык категория боюнча республиканын бардык аймактарынан 100дөй кызматкерлер күч сынашты.
1/3
Эки күнгө созулган күрөштө алты салмактык категория боюнча республиканын бардык аймактарынан 100дөй кызматкерлер күч сынашты.
© пресс-служба УВД города Жалал-АбадЖалпысынан 12 команда (облустук ОИИБлер, ИИМдин академиясы, Ош жана ИИМдин борбордук аппараты, Күзөт башкармалыктары) катышты.
2/3
Жалпысынан 12 команда (облустук ОИИБлер, ИИМдин академиясы, Ош жана ИИМдин борбордук аппараты, Күзөт башкармалыктары) катышты.
© пресс-служба УВД города Жалал-АбадЖыйынтыгында, жалпы командалар арасынан 1- орунду Жалал-Абад ОИИБ, 2 — орунду Талас ОИИБ, 3-орунга Алиев атындагы милициянын академиясы ээледи.
3/3
Жыйынтыгында, жалпы командалар арасынан 1- орунду Жалал-Абад ОИИБ, 2 — орунду Талас ОИИБ, 3-орунга Алиев атындагы милициянын академиясы ээледи.
1/3
Эки күнгө созулган күрөштө алты салмактык категория боюнча республиканын бардык аймактарынан 100дөй кызматкерлер күч сынашты.
2/3
Жалпысынан 12 команда (облустук ОИИБлер, ИИМдин академиясы, Ош жана ИИМдин борбордук аппараты, Күзөт башкармалыктары) катышты.
3/3
Жыйынтыгында, жалпы командалар арасынан 1- орунду Жалал-Абад ОИИБ, 2 — орунду Талас ОИИБ, 3-орунга Алиев атындагы милициянын академиясы ээледи.

Волейбол тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Республикалык VII спартакиада: волейбол боюнча Жалал-Абаддын кыздар командасы алдыда
Жалпысынан 12 команда (облустук ОИИБлер, ИИМдин академиясы, Ош жана ИИМдин борбордук аппараты, Күзөт башкармалыктары) катышты.

Жыйынтыгында, жалпы командалар арасынан 1- орунду Жалал-Абад ОИИБ, 2 — орунду Талас ОИИБ, 3-орунга Алиев атындагы милициянын академиясы ээледи.

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңиш Жоробеков спорт аркылуу жер-жерлерден келген кызматкерлер бири-бири менен таанышып, достук мамилелерин чыңдап жаткандыгын айтты. 

“Арабызда көп кызматкерлерибиз тартиби, жумушка болгон мамилеси менен жана эл-журтка кылган кызматы менен спортчулдугу менен айрыкча айырмаланып турат. Сиздер өз башкармалыктарыңыздардын эле эмес, ИИМдин да кадыр-баркын көтөрүп жатасыздар”, — деди Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңиш Жоробеков.

Иш-чара ИИМДин астында, “Эргеш Алиев” фондунун колдоосу жана Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын демилгесинин негизинде өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0