Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Азия чемпионатына катышуу үчүн ат салышат

© Sputnik / Табылды КадырбековФутзал машыгуусу учурунда. Архив
Футзал машыгуусу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын спортчулары квалификациялык раундда Афганистан, Түрмөнстан жана Тажикстандын командалары менен беттешет.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы 2016-жылы өтө турган Азия чемпионатынын тандоо туруна даярдык көрүп жатканын Футбол федерациясы билдирди.

Премьер кыргызстандык футболчулардын жеңиши үчүн ыраазычылык билдирди
Жергиликтүү футболчулар Афганистан, Түркмөнстан жана Тажикстандын командалары менен ат салышат. Оюндар 14-16-ноябрь күндөрү Тажикстандын Хоженд шаарында өтөт.

Башкы машыктыруучу Андрей Поховскийдин командасы 22 оюнчудан жана төрт дарбазачыдан турат. Учурда топ борбор калаадагы спорт комплексинин биринде машыгып жатат.

Чемпионаттын финалдык беттешүүсү 9-20-февраль күндөрү Тажикстандлын борбору Душанбе шаарында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0