Республикалык спартакиадада бишкектиктер мыкты болушту

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүБаскетбол корзинасы. Архив
Баскетбол корзинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жумага созулган спартакиадага Кыргызстандын бардык дубанынан келген өкүлдөр катышты. Мелдеш спорттун 13 түрү боюнча өттү.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда өткөн республикалык VII спартакиадада Бишкек шаарынын командасы биринчи орунду ээлегенин Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Республикалык спартакиадада Бишкек шаарынын командасы алдыда келе жатат
Маалыматка ылайык, 7-октябрда башталып, бир жума бою уланган спорттук мелдеште жалпы командалык эсеп боюнча Жалал-Абад облусу экинчи орунду багындырса, Чүй облусунун спортчулары үчүнчү болушту. 

Мелдеш облустун Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Майлы-Суу жана Токтогул шаарларында спорттун 13 түрү — баскетбол, волейбол, футбол, бокс, дзюдо, аялдардын күрөшү, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, самбо, жеңил атлетика, стол тенниси, оор атлетика жана шахмат боюнча өттү.

Спартакиаданын жабылш аземи өтүп, анда алдыңкы орундарды ээлеген командаларга байгелер тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0