14:06 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Бангладештин машыктыруучусу Фабио Лопез. Архив

Бангладештин машыктыруучусу: КР курама командасы эки голду ийгиликтүү киргизди

пресс-служба ФФКР
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстан — Бангладеш беттеши (19)
58 0 0

Фабио Лопез Кыргызстандын курама командасы күчтүү экенин баса белгиледи.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы эки голду ийгиликтүү киргизгенин Бангладештин машыктыруучусу Фабио Лопез маалымат жыйында билдирди.

Дүйнөлүк футболдун тандоо раунддарынын алкагында эки команда Бишкекте беттешип, оюн 2:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасына аяктады.

Лопез оюнчуларына эч кандай дооматы жок экенин айтып, алар тактикалык жактан жакшы ойногонун белгиледи.

"Мен курама команданы үч жумадан бери гана башкарып жатам. Биринчи беттешке караганда биздин команда жакшы ойноду. Кыргызстандын курамасы голдорду капысынан гана киргизип кетти", — деди ал.

Лопез ошондой эле, Кыргызстандын курама командасы күчтүү экенин айтып, 3-4 кыйын оюнчусу бар экенин айтты.

Атаандашын утуп алган КР курама командасынын капчыгында эми сегиз упай болсо, Бангладеш болгону бир эле упай топтой алды. "В" тайпасында 10 упай менен Иордания алдыда келе жатат. Учурда алар Тажикстан менен үйүндө ойноп жатат. Экинчи орунда 9 упай менен Австралия, үчүнчүдө 8 упай менен Кыргызстан турат. 2 упай менен Тажикстан төртүнчү болсо, 1 упай менен Бангладеш акыркы орунду ээледи.

Дүйнөлүк чемпионаттын финалдык оюндары 2018-жылы Россияда өтөт.

Тема:
Кыргызстан — Бангладеш беттеши (19)

Тема боюнча

Кыргызстандын курама командасы Бангладешти утуп алды
Белгилер:
футбол, Бангладеш, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ