Кыргызстандын курама командасы Бангладешти утуп алды

Жазылуу
Атаандашын утуп алган КР курама командасынын капчыгында эми сегиз упай болсо, Бангладеш болгону бир эле упай топтой алды.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Бангладешти 2:0 эсебинде утуп алды.

Футболисты тренируются перед матчем Кыргызстан — Бангладеш - Sputnik Кыргызстан
Онлайн-репортаж. Кыргызстан менен Бангладеш командаларынын беттеши
Беттеш Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионундао өттү.

Биринчи таймда голду Виталий Люкс киргизсе, экинчи таймда Ильдар Амиров өзгөчөлөнө алды.

Атаандашын утуп алган КР курама командасынын капчыгында эми сегиз упай болсо, Бангладеш болгону бир эле упай топтой алды.

Буга чейин командалар Дакка шаарында беттешип, Кыргызстандын курама командасы 1:3 эсебинде жеңишке жеткен.

Дүйнөлүк чемпионаттын финалдык оюндары 2018-жылы Россияда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0