Кыргызстан менен Бангладештин командалары бүгүн Бишкекте беттешет

© Sputnik / Табылды КадырбековФутболисты сборной Кыргызстана разминаются перед матчем. Архивное фото
Футболисты сборной Кыргызстана разминаются перед матчем. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раунддарынын алкагындагы биринчи беттеш Дакка шаарында өтүп, кыргызстандык оюнчулар атаандашын 1:3 эсебинде утуп алган.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Бүгүн кечки саат 8.00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Бангладештин курама командалары беттешет.

Билеттер стадиондун кассасында 150 сомдон 700 сомго чейин сатылууда.

Бангладештин командасынын машыктыруучусу: эртеңки оюнда Кыргызстанга кыйын болот
Мелдеш алдында эки мамлекеттин курама командаларынын машыктыруучулары маалымат жыйын өктөрүп, Кыргызстандын командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин оюнда буга чейинки кетирилген катачылыктарга көңүл буруларын айтса, Бангладеш командасынын машыктыруучусу Марко Лопез кыргызстандык футболчулардын жеңишке жетүүсү оор боло турганын билдирген.

Учурда Кыргызстандын курама командасынын беш упайы бар, ал эми Бангладештики бир упай. Беш оюндун жыйынтыгы менен "В" тайпасында Кыргызстан үчүнчү орунда турса, Бангладеш аутсайдер.

Sputnik маалымат агенттиги бүгүнкү беттешти онлайн-репортаж түрүндө берип турат.

Оюнга бахрейндик арбитр Жамиил Жума калыстык кылат.

Дүйнөлүк чемпионаттын финалдык оюндары 2018-жылы Россияда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0