Кыргызстандык дзюдочулар Абу-Дабиде өтө турган дүйнө чемпионатына катышат

Жазылуу
Чемпионаттан соң кыргызстандык спортчулар дароо 2016-жылы өтө турган Олимпиадага тандоо үчүн уюшулуучу "Grand Slam — Чоң Шлем" рейтингдик мелдешине барат.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстандын дзюдо боюнча жаштар курама командасы Бириккен Араб Эмирлигинин борбору Абу-Дабиде өтө турган дүйнө чемпионатына катышарын федерациянын менеджери Акжибек Алтынбекова билдирди.

Анын айтымында, мелдеш 21-28-октябрь күндөрү өтөт. 

"Кыргызстандан бул чемпионатка төрт кыз, беш бала жана эки машыктыруучу барат деп күтүлүп жатат", — деди менеджер.

Бул мелдештен кийин 28-октябрдан 2-ноябрга чейин "Grand Slam — Чоң Шлем" турнири өтөт. 2016-жылы өтө турган Олимпиадага тандоо үчүн рейтингдик мелдеш болуп эсептелген бул турнирге дүйнөнүн күчтүү дзюдочулары катышат.

Алардын арасында Юрий Краковецкий, Чыңгыз Мамедов, Болот Токтогонов баш болгон кыргызстандык жети спортчу  бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0