Мүнүшкөрлөр менен жаачылардын сынагы Кыргызстанда өтөт

Жазылуу
Аң уулоонун сырлары менен тааныштыруу үчүн республикага беш өлкөнүн мыкты мүнүшкөрлөрү жана аачыларынын келиши күтүлүүдө.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кыргызстанда Салбурун боюнча Эл аралык турнир өтө турганын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Таза кандуу кыргыз тайганы. - Sputnik Кыргызстан
Репрессиядан калган тайган жана дервиш болуп ит издеген Майрамкул байке
Салбурун федерациясынын 10 жылдыгына арналган иш-чара 24-25-октябрь күндөрү Ысык-Көлдүн Бөкөмбаев айылында өтөт. Ага Казакстан, Монголия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Катар жана Түркиянын мыкты мүнүшкөрлөрү жана жаачылары келмекчи.

Турнирдин негизги максаты кыргыз элинин маданий мурасын сактоо жана жайылтуу, ошондой эле достукту бекемдөө болуп саналат.

Мелдеш шумкар таптоо, чырга тартуу, тайгандардын жарышы, жаа атуу боюнча өтүп, ат чабыш, кыз куумай менен коштолот. 

Жеңүүчүлөр кубок жана медалдар менен сыйланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0