09:59 29 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.6655
  • EUR100.1043
  • RUB1.1502
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
148 0 0

Чабуулчу Мухаммед Адыл "Дордойдон" жакшы маанай менен кетүүнү кааларын белгиледи.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Пакистандык легионер, "Дордой" футболдук клубунун чабуулчусу Мухаммед Адыл кышында англиялык клубга өтөрүн The Telegraph басылмасы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 23 жаштагы футболчу "Дербишир" графтыгындагы "Дерби Каунти" клубу жай мезгилинде аны менен келишим түзүүгө аракет кылып келгенин өзү билдирген. 

"Июнь айында "Дордой" менен алты айга келишим түзгөм. Англиялык клубдан сунуш андан кийин түштү. Мен алгач "Дордойдон" кетүүнү каалаган жокмун, анткени мен бул жерден профессионалдык деңгээлим өстү. Буга карабастан, мен бул клубдан жакшы маанай менен кетүүнү каалар элем", — деди Адыл.

Ал арада Кыргызстандын Футбол лигасы Мухаммед Адыл оюнчулардын ар кыл клубга өтүүсүнө уруксат берген эл аралык трансферлердин программасы TMS системасы аркылуу текшерүүдөн өткөнүн билдирди.

Система учурда аталган оюнчунун башка клубга өтүүсү боюнча сурам келип түшпөгөнүн аныктап чыккан. Адылга болгон укук "Дордой" клубуна таандык.

Футболчунун өзү менен Sputnik агенттиги байланыша алган жок.

Тема боюнча

Футболчу кыздарга спорттук кийим-кечектерди тапшырышты
Ганалык футболчу кыргыз кызына үйлөнөт
Белгилер:
легионер, трансфер, клуб, футбол, "Дордой"

ЭҢ МААНИЛҮҮ