Мүмкүнчүлүктөр жогору: спорт журналисттери Кыргызстан — Тажикстан матчы жөнүндө

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол курама командасы. Архив
Кыргызстандын футбол курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын спорт кабарчылары турнирдик абалды, оюн өз үйүндө өтүшүн жана футболчулардын даярдыгын эске алып, өлкөнүн улуттук курама командасы жеңишке жетет деп болжошууда.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2018-жылы өтүүчү Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо оюндарынын алкагындагы Кыргызстан менен Тажикстандын командаларынын беттешүүсү болот.

Бул футбол боюнча дүйнөлүк биринчилик үчүн Азия өлкөлөрүнүн бешинчи туру. Кыргызстан буга төрт упай, Тажикстан бир упай менен келди. 

Кыргызстан — Тажикстан беттешүүсү бүгүн Бишкекте өтөт
Эки команданын машыктыруучулары алдыдагы оюн туурасында пикир бөлүштү. КР курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестининдин айтымында, кыргызстандык оюнчулар жакшы формада жана матчка даяр. Тажик курамасынын машыктыруучусу Мубин Эргашев Кыргызстандын оюнчулары бир жыл ичинде жаңыланганы үчүн мактап, бүгүнкү оюнда жеңишке үмүт артарын билдирди.

Бул иш-чаранын активдүү катышуучулары оюн болор күнү стадионго келүүчү журналисттер боло турганы шексиз. Алардын ичинен аккредитациядан өткөндөрү 70ке жетти. Арасында Европадан экөө жана Тажикстандан бирөө бар.

Матчтын алдында Sputnik агенттигинин кабарчысы ата мекендик спорт журналисттерине кайсы команда жеңишке жете алат жана эмне үчүн деген суроо менен кайрылды. 

Адилет Керимбеков, "Супер-Инфо" гезитинин спорт баяндамачысы:

— Тажикстандын эле эмес, биздин футболчулар үчүн да оюн оңой болбойт. Анын үстүнө, атаандаштын күйөрмандарынын эле эмес, өзүңдүн сүрөөнчүлөрүңдүн алдында да толкунданасың. Жаңылып калгандан, упайды алдыргандан, топтун лидерлерин кууп жетүүгө болгон мүмкүнчүлүктү жоготуп жибергенден коркушат. Мунун баары оюндун жүрүшүнө таасир бербей койбойт. 

Тажикстандын машыктыруучусу: КР командасы бир топ чыңалды
Тажикстандын командасы курамы жагынан алсызыраак көрүнөт, себеби алардан бирөө гана чет мамлекетте ойнойт эмеспи. Бирок алардын мамлекеттик чемпионаты биздикинен күчтүү экенин моюнга алыш керек. Жакшы натыйжага жетиш үчүн алар тытынып ойношот деп ойлойм. 

Ал эми Кыргызстандын курамасы жакшы формада: өлкөнүн биринчилиги күч алып турган чак, оюнчулардын баары табына келип, легионерлер болсо өз клубдарынын негизги курамында турат. 

Оюндан чыгып калган үчүн бул жолу катышпай турган Валерий Кичинди белгилесе болот. Азамат Байматов менен Дениэл Тэго ишенимдүү коргоочулар. Борбордук жарым коргоочулар Эдгар Бернхардт менен Бахтияр Дүйшөбековдон үмүт чоң. Мирлан Мурзаев менен Антон Землянухин оюнду алып барышы керек. Виталий Люкс болсо голдордун эсебин ачышы керек. КРдин футболчулары күйөрмандардын колдоосу менен бир же эки топтун айырмасы менен жеңип чыгат деп ойлойм. 

Бакыт Шүкүралиев, Akipress агенттигинин спорт кабарчысы: 

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучу Александр Крестинин. - Sputnik Кыргызстан
Крестинин: биздин оюнчулар күүлүү-күчтүү, Тажикстан менен ойногонго даяр
— Бул биздин команда үчүн принципиалдуу оюн, Борбор Азиялык дерби. Мындай оюндардын алдында статистика, команданын формасы, упайлар, голдор экинчи орунга чыгат. Ар бир команда өз күчүн топтоп психологиялык маанай менен түрткү берчү себептердин аркасында эле бир оюнду көрсөтө алат. Азыртан топубузду көккө ыргытып, биз уттук дегендин кереги жок. Оюн татаал болот деп ишенем. Мындай беттешүүлөрдө баарын майда-чүйдө нерселер чечип коёт. Менимче, КРдин командасынын өз талаасында, өз күйөрмндарынын көзүнчө жеңишке жетүү ниети аргумент болуш керек деп ойлойм. Күйөрмандар жөнүндө болсо кеп такыр башка. Биздикилер гол киргизсе деп тилейм. Бул оюндун мааниси зор, уттуруп жибергенге такыр болбойт.

Адилет Жаныбеков, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматынын эксперти:

— Бизге бул жеңиш аябай керек. Оюнчуларыбыз атаандаштарга караганда утуп чыгабыз деп көбүрөөк ишеничте. Мунун себептери бар: ФИФАнын жакында жаңыланган рейтинги, иорданиялыктар менен оюнда тең чыгышыбыз жана тандоо раундунда тажиктердин начар ойношу. Чүчүкулак кармоодо алар үчүнчү корзинада, биз төртүнчүдө болчубуз. Биздин команди бир эле жолу утулган жана Азиянын азыркы чемпиондору болуп эсептелген австралиялыктар Дүйнөлүк чемпионаттын финалдык бөлүгүндө катышканын эске алыш керек. Бул жагынан бизди бүгүнкү матчтын фаворити десе болот.

Кыргызстандын курама командасы ак форма кийип ойнойт
Экинчи орунга чыгууга мүмкүнчүлүгүбүз чоң. Иордандар австралиялыктар менен ойной элек, ал жакта эмне болору азыр белгисиз. Биздин оюнчулар дагы топтун аутсайдерлери менен биздин талаада эки оюн өткөрөт. Күйөрмандардын зор колдоосун, өз жеринде экендиктерин да эске алуу керек. 

Мындай көрсөткүчтөр менен биз сөзсүз утабыз. Жеңишке бүтүндөй өлкө үмүт кылып турат. Ал эми эсеп биздин пайдабызга 3:0 же 3:1 болушу керек.

Тарас Хлыпенко, Sport.kg интернет-агенттигинин шеф-редактору:

— Тажикстан менен матч 2018-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттын бул тандоо бөлүгүндө Кыргызстандын командасы үчүн чечүүчү болот деп эсептейм. 

Биринчиден, Тажикстан — ачуулуу, өзүнүкүнөн кайтпас жана биз үчүн ыңгайсыз атаандаш. Бул адатка айланып калган. Экинчиден, тажиктерге бул оюнда жеңиш гана керек. Жеңилип калышса, алар тандоо турунда оюнун мындан ары улантпай калат. Ошол үчүн алар талаада колунан келгендин баарын кылат. Биздин коргоочулар менен дарбазачыга кудай аларга каршылык кыла алгыдай күч берсин. 

Үчүнчүдөн, Кыргызстандын курама тобу өз үйүндө ойнойт, күйөрмандар болсо аларды болушунча алга сүрөйт. Бул зор жоопкерчилик. Тажикстандыктар биздикилерди каршы чабуулда оңой эле кармап алышы мүмкүн. Биздин балдарга жыйынтыгы да таасир кылат: эгер Кыргызстан бүгүн жеңип, Иордания Австралияга утулуп калса, дүйнөлүк чемпионаттын кийинки тандоо туруна өтүүгө бизде чыныгы мүмкүнчүлүк пайда болот.

Жол көрсөткүч. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан — Тажикстан оюну учурунда айрым көчөлөр жабылат
Андан тышкары, Австралия, Бангладеш жана Иордания командалары менен ийгиликтүү ойногондон кийин, менимче, Кыргызстандын тобун бир аз ашыкча мактап коюшту. А бирок Казакстандын "Иртышы" менен легионерлерсиз ойногондо биздикилер такыр жеңилип калышпадыбы. Ошон үчүн дагы аша чаап мактап жибербесек болду …

Албетте, биздин оюнчуларга бүгүн жеңишти гана каалайм. Бирок менин алдын ала божомолум боюнча, бул жолугушуунун тагдырын бир гана гол чечет. Бирок аны ким киргизерин көрө жатарбыз. 

Футболдук система боюнча атаандаштардын күйөрмандарына атайын фан-сектор бөлүп берилет. Бирок адатта ал матчтын ээлеринин күйөрмандарыныкынан бир топ кичине болот. Ушул эле система боюнча Sputnik агенттигине өз божомолдоолору менен Asia Plus тажик гезитинин редакторунун орун басары, спорт баяндамачысы Хайдар Шодиев бөлүштү: 

— Матч эки команда үчүн тең оңой болбойт. Силердин оюнчулардын артыкчылыгы – алар өз үйүндө ойнойт. КРдин курама командасы жаңыланып, легионерлер менен толукталганын эске алганда силердин бир аз күчүңөр жогору. 

Кыргызстан — Австралия оюнун көрө албай калган майып балага федерация билет берди
Менин божомолум — 2:2. Австралия менен болгон оюн Кыргызстандын командасы эки жыл мурдагы команда эмес экенин көрсөттү. Бүгүн КР жеңип чыгышы да мүмкүн. Тажик оюнчулары эч жакка чегине албайт, бирок биздикилер да ута алат деп ойлойм. Бирок кантсе да бул футбол эмеспи, талаа түз болгону менен, топ тоголок. 

Төрт турдун жыйынтыгы боюнча Австралия мүмкүн болгон он упайдын тогузун алып, топтун алдында турат. Экинчи орунда болсо Иордания (7 упай), андан кийин Кыргызстан (4 упай), төртүнчү Тажикстан (1 упай) жана Бангладеш (1 упай) турат.

Дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыктоочу бөлүгү 2018-жылы Россияда өтөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0