Крестинин: биздин оюнчулар күүлүү-күчтүү, Тажикстан менен ойногонго даяр

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучу Александр Крестинин.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучу Александр Крестинин. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары беттешет.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары азыр күүлүү-күчтүү жана Тажикстан менен болчу мелдешке даяр экенин башкы машыктыруучу Александр Крестинин маалымат жыйында билдирди.

Эртең кечки саат 8.00дө Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Тажикстан курама командалары 2018-жылы болуучу Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раундунун алкагында беттешет. 

"Оюн талаасында биздин негизги атаандашыбыз өзүбүз болобуз. Жеңишке жетүү үчүн тең салмакты табышыбыз керек. Оюнчулар он күн бою даярдыктарды көрүштү, учурда алар күүлүү-күчтүү", — деди ал

Башкы машыктыруучу ошондой эле, сары карточкалардын көптүгүнөн улам оюндан четтетилген Валерий Кичиндин ордуна ким чыга турганын тандоо үчүн дагы бир сутка бар экенин билдирди.

Дүйнөлүк чемпионат 2018-жылы Россияда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0