ФИФА Австралия менен болгон мелдеш үчүн Кыргызстанга айып салды

© Sputnik / Табылды КадырбековФедерациянын вице-президенти Асылбек Кадралиев.
Федерациянын вице-президенти Асылбек Кадралиев. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ФИФА июнь айында Бишкекте болгон матч учурунда үч мыйзам бузуу боюнча айып салды.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Футбол боюнча дүйнөлүк ассоциациясы Кыргызстандын Футбол федерациясына июнь айында Бишкекте өткөн Кыргызстан менен Австралиянын мелдеши учурундагы тартип бузууларга байланыштуу айып салды. Бул тууралуу федерациянын вице-президенти Асылбек Кадралиев билдирет.

ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан – Тажикстан оюнунда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт
Негизинен трибунага батпай калган күйөрмандар, фанаттар секторунда түтүн чыгаруучу зат күйгүзүлгөнү жана күйөрмандардын оюн талаасына чуркап чыкканы үчүн 28 миң доллар айып салынган. 

Федерациядан билдиришкендей, алар мыйзам бузган күйөрмандар менен соттошот.

Аталган матч 16-июнда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков стадионунда 2018-жылы болуучу Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раундунун алкагында өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0