Тажикстандын командасы Бишкекте алдыдагы беттешүүгө даярданып жатат

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүОюн алдында машыгуу. Архив
Оюн алдында машыгуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстандын футбол боюнча курама командасынын футболчулары Бишкектеги алгачкы машыгуусун өткөрдү.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Тажикстандын футболчулары Бишкекке өткөн жекшемби күнү келгенин тажик футбол федерациясы билдирди.

Кыргызстан менен Тажикстандын футболчулары дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында беттешет. Оюн 8-октябрь күнү Бишкектин борбордук стадионунда өтөт.

Душанбеден Кыргызстандын борбор калаасына тажик курама командасынын 22 оюнчусу келип түштү. 5-октябрда башкы машыктыруучу Мубин Эргашевдин командасы алгачкы машыгуусун өткөрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0