Улуттук кураманын футболчулары "Абдыш-Атадан" күчтүү экенин көрсөтүштү

© пресс-служба ФФКРКРдин Улуттук курама командасы Канттын "Абдыш-Ата" клубун утту.
КРдин Улуттук курама командасы Канттын Абдыш-Ата клубун утту. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш Тажикстандын курама командасы менен ойноого даярдануу алкагында өттү.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. КРдин улуттук курама командасы Канттын "Абдыш-Ата" клубун утуп алганын Футбол федерациясы билдирди.

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар командасы Катарда экинчи оюндан утулуп калды
Жолдоштук беттеш Кант шаарынын "Центральный" стадионунда өттү. 

Мелдеш кызыктуу өтүп, атаандаштар бир-бирине кооптуу учурларды жаратты. Жыйынтыгында Александр Крестинин машыктырган оюнчулары күчтүүлүгүн көрсөтүп, Канттын командасын 2:1 эсебинде утуп алды.

Тажикстан менен болчу мелдеш 8-октябрда Бишкек шаарында кечки саат 8.00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Билеттер сатыла баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0