Ага-ини Амировдор түркиялык футбол клубу үчүн ойнойт

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүФутбол тобу. Архив
Футбол тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин футболчулар Бишкек шаарынын "Алга" командасынын таламын талашып келген.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары Илдар жана Руслан Амировдор Түркиянын "Туранспор" футболдук клубу үчүн ойной турганын КРдин Футбол федерациясы билдирди.

Буга чейин ага-ини Бишкектин "Алга" командасы үчүн ойноп келген. Акыркы эки жумада футболчулар жаңы команда менен машыгууларын өткөрүштү. Ал эми расмий келишимге 2-октябрда гана кол коюлган.

"Туранспор" командасы Түркиянын төртүнчү лигасында ойнойт. Бүгүн кыргызстандык футболчулардын алгачкы оюну болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0