Кыргызстан – Тажикстан футбол беттеши белгиленген убакыттан кеч башталат

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүОюн алдында машыгуу. Архив
Оюн алдында машыгуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттеш кечки саат 8.00дө башталат. Мындай чечим жумуштан кийин бардык каалоочулардын көрө алышы үчүн жасалганын Футбол федерациясынан билдиришти.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын курама командаларынын беттеши эки саатка жылдырылганын КР Футбол федерациясы билдирди.

2018-жылы болуучу дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунун алкагындагы оюн 8-октябрда Бишкек шаарында өтөт. Буга чейин матч кечки саат 6.00дө башталары маалымдалган. ФИФАнын чечими боюнча оюн кечки саат 8.00дө жылдырылды.

Кыргызстандын футболчулары дүйнө чемпионатынын тандоо туруна даярдана баштады
Федерациядан билдиришкендей, мындай чечим жумуштан кийин күйөрмандардын стадионго келип матч көрүүсү үчүн кабыл алынган.

Төрт беттештин жыйынтыгы менен "В" тайпасында Австралия бардык мүмкүн болгон тогуз упайды топтоп, ишенимдүү түрдө алдыда келе жатат. Экинчи орунда Иордания (7 упай), андан кийин Кыргызстан (4 упай), Тажикстан (1 упай) жана Бангладеш (1 упай) келе жатат.

Теориялык жактан алганда бардык командалардын кийинки раундга өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн калган беш турда жеңишке жетиш керек.

Дүйнөлүк чемпионаттын финалдык бөлүгү 2018-жылы Россияда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0