Кыргызстандык спортчулар Грозныйда өтүүчү дзюдо боюнча мелдешке кетишти

© пресс-служба Национальной Федерации Дзюдо КРКыргызстандык дзюдо спортчулары. Архив
Кыргызстандык дзюдо спортчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Федерациянын билдирүүсүндө Кыргызстандан үч спортсмен менен башкы машыктыруучу кетти.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Чечен Мамлекеттик кеңешинин биринчи төрагасы Хусеин Исаевдин элесине арналган дзюдо боюнча эл аралык турнирге жөнөп кетишкенин КР дзюдо федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, спортчулардын бардык чыгымын россиялык тарап көтөрөт.

Кыргызстандык делегациянын курамына Юрий Краковецкий, Чыңгыз Мамедеов, Азат Кубакаев жана башкы машыктыруучу Сергей Мистрюков кирген.

Аталган мелдеш 1-3-октябрь күндөрү Ташкент шаарында өтө турган Гран-При жана 17-18-октябрда Парижде өтө турган Гранд-Слам турнирлерине даярдык болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0